Алдыда парламенттик шайлоо келатат. Ошондон улам бул ирет дагы жаңылыштыкка жол бербеш үчүн өнүккөн өлкөлөрдөгү шайлоочулар менен Кыргызстандын шайлоочуларынын добуш берүүдөгү өзгөчөлүктөрүн санап коюуну туура көрдүк.
Туурасын айтсак, биз дагы деле шайлоонун маңызын толук түшүнө албай келебиз. Шайлоо биз үчүн кулакка жагымдуу убадалар, белгилүү ырчылардын коштоосундагы концерт, шатырата кол чабуулар жана апендинин кызындай мактоолор менен коштолот. Ал партия парламентке баргандан кийин кандай иштей турганы көп деле кызыктырбаган сыяктуу. Анан дагы бизде ар бир парламенттик шайлоонун алдында жаңы партиялар пайда болот. Алардын айрымдары кийинки шайлоого чейин эле чачырап кетет.
Ал эми өнүккөн демократиялуу өлкөлөрдө шайлоо кандай болот? Аларда партиялар дайыма орун алмашып турат. Мисалы, бир жолкусунда консерваторлор бийликке келсе, кийинкисинде социалисттер, андан кийин либералдар келет. Социалисттер бийликте турганда социалдык программалар көбүрөөк болот. Пенсия, жөлөкпулдардын көбөйүп, түрдүү жеңилдиктер берилет. Катардагы жарандар үчүн салыктар азаят, ал эми байлар көбүрөөк төлөйт.
Либералдар бийликке келсе жумушчу орундар түзүлүп, мамлекетке инвестициялар тартылып, экономика көтөрүлөт. Либералдар калкка жөнү жок эле жеңилдиктерди бере берүүнү туура көрбөйт, баары тытынып иштеш керек деген позицияда.
Консерваторлор деле экономикалык жактан алганда либералдар сыяктуу, бирок алар динге, этикага, маданиятка, билим берүүгө көбүрөөк басым жасайт.
Байкадыңыз да, шайлоочулар үчүн ачык тандоо бар. Парламенттин бир жолку чакырылышында экономиканы көтөрүүнү туура көрүшсө либералдарды, кийинкисинде социалдык жеңилдиктерди каалашса социалисттерди шайлашат. Тандоо алаканга салгандай көрүнүп турат. Ал эми бизде кайсыл партия кандай багытта иш алып бара турганын түшүнүп болбойт.
Биз добуш берүүдө эмнеге көбүрөөк көңүл бөлөбүз? Биринчи эле кезекте «Ал менин тууганым» же болбосо «жердешим» деген позицияны карманабыз. Ал эми өнүккөн өлкөлөрдө эч качан мындай жагдайга жол берилбейт, алар мыктысын гана шайлашат.
Шайлоо алдында бизде партиялардын ортосунда «баш кошолу» деген сүйлөшүүлөр башталат. Алар парламентке барганда кандай бирдиктүү багыттагы ишти жасай турганын пландашпайт, кимиси канча добуш кайсыл региондон ала турганын гана сүйлөшөт. Натыйжада социалисттер менен либералбыз дегендер деле биригүүгө бара берет. Ал эми парламентке келген партиялар миинстрлик орундардан тарта акимчилик, айыл өкмөтүнөн бери бөлүшүп алышат.
Көрүнүп эле тургандай бул жолку парламенттик шайлоого бизде 43 партия аттанды. Демек, көп партиялар катышат. Ал эми өнүккөн өлкөлөрдө белгилүү, калк ичинде кадыр-барктуу партиялар гана шайлоого барат. Жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү жоктор катышпайт.
Дагы бир өзгөчөлүк, бизде партиялар үгүт иштерине каражатты өздөрү табышат. Тактап айтсак, катарына кошкон акчалуулар каржылайт. Анан албетте парламентте олигархтар отурган болуп калат. Ал эми өнүккөн өлкөлөрдө калктан акча чогултуу жагы каралган. Негизи эле ал өлкөлөрдүн жарандары партияларга акчалуулары үчүн эмес, мамлекетке жасаган эмгектери, билими, интелекти, акыл-эси, маданияты, абийирдүүлүгүнө карап добуш берет. Болбосо, бийликте олигархтар гана дайыма отурган өлкөдө эч качан өнүгүү болбойт.
Партиялардын катарындагы талапкерлердин ар бири лидерлик сапатка ээ болушу керек. Мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн ар бири районду, облусту, алтургай өкмөттү башкара ала тургандай деңгээли болушу керек. Биздеги партияларда ушул жагы да өтө аянычтуу.
Айырмачылыктарды билип алдык, демек алдыдагы шайлоодо өнөкөткө айланган өзгөчөлүктөрүбүздү жое алсак жетишкендигибиз болот. Албетте, эки айдын ичинде эле партияларыбыз өнүккөн өлкөлөрдүн партияларындай болуп кетпейт. Ошентсе да көбүрөөк деңгээли бийигин тандап туралы. Көч бара-бара түзөлөт, кийинки шайлоого чейин дагы талаптарды жогорулата берсек, бизде дагы ачык багыты бар партиялар түптөлө баштайт.
Канатбек Аскаров
Пикирлер (1)