Бугу 07, 2024
Убакыт: 18:16
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Өнүктүрүү ассоциациясынан 35 млн доллар насыя алуу мыйзамы ратификацияланды

02.07.2020 14:28
1175
Өнүктүрүү ассоциациясынан 35 млн доллар насыя алуу мыйзамы ратификацияланды


Президент Сооронбай Жээнбеков «2020-жылдын 28-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы каржылоо тууралуу макулдашууну (Салыктык башкаруу жана статистика системасын модернизациялоонун долбоорун) ратификациялоо жөнүндө» мыйзамына кол койду.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 4-июнунда кабыл алынган.

Аталган мыйзамга ылайык, Финансы министрлиги белгиленген тартипте Эл аралык ѳнүктүрүү ассоциациясына (ЭѲА) жогоруда кѳрсѳтүлгѳн макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргызстан тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн ѳткѳндѳн кийин күчүнө кирет.

Долбоордун жалпы наркы - 35 млн АКШ доллары, анын ичинде ЭѲАнын кредити - 17,5 млн АКШ доллары, ЭӨАнын гранты — 17,5 млн АКШ доллары.

Кредит берүүнүн мөөнөтү - 38 жыл, анын ичинен 6 жылы - жеңилдетилген. Пайыздык чени - 0,75%, иштетүү мөөнөтү - 5 жыл.

Аткаруучу органдар Мамлекеттик салык кызматы жана Улуттук статистика комитети.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн