КР БШКга "Аалам” саясий партиясынан 2021-жылдын 28-ноябрында өтүүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жөнүндө билдирме түштү. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирет.
Партия шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Атакулова Гулжамал Эсеналиевнаны, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары –Джаныкулова Гульвира Сейдакматованы дайындады.
Буга чейин парламенттик шайлоого катышуу ниетин 18 партия билдирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн