Бугу 09, 2024
Убакыт: 10:38
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

"Ак-Ордо 3" конушунда Э.Иманалиев көчөсүн асфальттоо иштери аяктады

20.05.2022 09:11
677
"Ак-Ордо 3" конушунда Э.Иманалиев көчөсүн асфальттоо иштери аяктады

“Ак-Ордо-3” жаңы конушунун Э.Иманалиев көчөсүн асфальттоо  иштери толук аяктады.


Сокулук районуна караштуу “Ак-Ордо-3” жаңы конушунун Э.Иманалиев көчөсүн оңдоого 2022-жылдын “Капиталдык салымдар” беренеси аркылуу каржылануучу курулуш объектилеринин эсебинен 2,5 чакырым аралыгына асфальт төшөө иштери каралган.


Жол “Кыргызжолкурулуш” компаниясы тарабынан жүргүзүлдү. 2,5 чакырымга созулган жолго асфальт төшөө иштери бир ай ичинде аткарылды.


Эскерте кетсек, 2021-жылдын 21-ноябрында президент Садыр Жапаров “Ак-Ордо” конушунун Э.Иманалиев атындагы көчөсүн асфальтоо боюнча тапшырма берген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн