Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 08:48
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

"Ак-Тилек” менен “Карасу” өткөрүү пункттарынын ортосундагы көпүрө оңдолот жана жаңы көпүрө курулат

25.06.2020 17:46
1075
"Ак-Тилек” менен “Карасу” өткөрүү пункттарынын ортосундагы көпүрө оңдолот жана жаңы көпүрө курулат


Бүгүн, 25-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Бишкек шаарында 2019-жылдын 27-ноябрында кол коюлган КР өкмөтү менен Казакстандын өкмөтүнүн ортосундагы “Ак-Тилек – автожолу” жана Карасу – автожолу” өткөрүү пункттарынын ортосунда жаңы көпүрө куруу жана колдонуудагы көпүрөнү реконструкциялоо боюнча биргелешкен иш-аракеттер жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды.

 

ЖК басма сөз кызматы билдиргендей, мыйзам долбоорунун максаты жана милдети - товарларды өз ара алмашуунун ыңгайлуу шарттарын түзүү, эки мамлекеттин аймактарынын ортосунда соода-экономикалык байланышты эки тараптуу аталган өткөрүү жайларынын ортосунда жаңы көпүрөнү куруу жана иштеп турган көпүрөнү кайра куруу жолу менен жакшыртуу болуп эсептелет.


Көпүрөнүн куруу баасы болжол менен 87 млн сомду түзөт.


Мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн