Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 08:49
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

"Ак-Тилек" өткөрмө бекети кадимки шартта иштей баштады

09.01.2022 10:13
853
"Ак-Тилек" өткөрмө бекети кадимки шартта иштей баштады

Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы өткөрүү жайларынын иштөө тартиби өзгөргөрдү. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы кабарлайт.


Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 8-январы саат 19.30 карата "Ак-Тилек-унаа жол" (КР) - "Карасу-унаа жол" (РК) өткөрүү жайлары штаттык режимде иштеп баштады.


Ага ылайык:


-COVID-19га байланыштуу болгон чектөөлөрдү эске алуу менен Кыргызстандын жарандарына Казакстандын аймагына кирүүгө уруксат берилди;


-COVID-19га байланыштуу болгон чектөөлөрдү эске алуу менен "Ак-Тилек-унаа жол" өткөрүү жайы аркылуу эч кандай тоскоолдуксуз транспорт каражаттары кирип чыга алышат.


Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы башка көзөмөл өткөрүү жайларында убактылуу төмөндөгүдөй чектөөлөр бар:


•"Чалдыбар-унаа жол" (КР) - "Сыпатай Баатыр-унаа жол" (РК) төмөндөгүдөй чектөөлөр менен:


-Кыргызстандын жарандарына Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;


-Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандары "Чалдыбар-унаа жол" өткөрүү жайы аркылуу чыга алышат;


-Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары "Чалдыбар-унаа жол" өткөрүү жайы аркылуу чыга алышат;


-оор жүк ташуучу транспорт каражаттары "Чалдыбар-унаа жол" өткөрүү жайы аркылуу чектөөсүз кирип чыга алышат.


•"Ак-Жол-унаа жол" (КР) - "Кордай-унаа жол" (РК) төмөндөгүдөй чектөөлөр менен:


-Кыргызстандын жарандарына Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;


-Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандары "Ак-Жол-унаа жол" өткөрүү жайы аркылуу кире алышат;


-Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары "Ак-Жол-унаа жол" өткөрүү жайы аркылуу чыга алышат.


Бул өткөрүү жайынан жарандар жөө гана өтө алышат.


•Талас облусундагы "Чоң-Капка унаа жол" (КР) - "Айша-Биби-унаа жол" (РК) төмөндөгүдөй чектөөлөр менен:


-Кыргызстандын жарандарына Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;


-Казакстандын аймагы аркылуу транзиттик каттаган оор жүк ташуучу транспорт каражаттары гана;


-Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандары "Чоң-Капка-унаа жол" өткөрүү жайы аркылуу кире алышат;


-Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары "Чоң-Капка-унаа жол" өткөрүү жайы аркылуу чыга алышат.


2022-жылдын 8-январы саат 19.30 карата кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы өткөрүү жайларында жарандардын жана транспорт каражаттарынын тыгыны байкалган жок.




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн