Тогуздун айы 10, 2025
Убакыт: 21:22
USD
87.30
87.80
EUR
100.70
101.70
RUB
1.070
1.095

"Ак-Тилек" өткөрүү пунктунда фитосанитардык талаптарды бузган 44 тонна жүк кармалды

29.09.2025 11:31
501
"Ак-Тилек" өткөрүү пунктунда фитосанитардык талаптарды бузган 44 тонна жүк кармалды


Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрүү пунктуна жакын жайгашкан “Жыйынды постунда” карантиндик фитосанитардык текшерүү жүргүзүлдү.


Ведомстводон билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө Казакстандан Кыргызстанга ташылып келе жаткан 22 тонна сабиз жана 22 тонна кызылча тиешелүү фитосанитардык сертификатсыз экени аныкталды.


Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында карантиндик фитосанитардык көзөмөл тартибин жөнгө салган жобонун талаптарына ылайык, бул продукциялар фитосанитардык тобокелдиги жогору жүктөр катары бааланып, тиешелүү документтердин жоктугунан улам жүк кайра жөнөтүүчү тарапка кайтарылды.


Департаменттин маалыматына ылайык, мындай чаралар өлкөнүн аймагына карантиндик зыянкечтердин, өсүмдүк ооруларынын жана башка кооптуу организмдердин киришине жол бербөө максатында көрүлүүдө.


Мындан тышкары, фитосанитардык көзөмөлдү күчөтүү аркылуу айыл чарба өндүрүшүнүн коопсуздугун камсыз кылуу жана дыйкандардын кызыкчылыктарын коргоо көздөлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн