Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынын "Ак-Жол" өткөрмө пунктун реконструкциялоо иштери бүтмөйүн убактылуу кабыл алынган эрежелерди туура сактоо кажет. Мындай билдирүүнү премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 16-мартта маалымат жыйында билдирди.
Анын айтуусунда, Казакстан менен биргелешкен макулдашуунун негизинде өткөрмө пунктунда оңдоп түзөө иштери жүргүзүлүп жатат.
"Ал жерде кыргыз жана казак жарандарынын өтүүсүнө гана уруксаат берилет. Калганы Кең-Булуң, Токмок, Чоң-Капка, Ак-Тилек өткөрүү бекеттеринен өткөрүлөт. Ошондой эле жүктөр, бизнес багытындагы товарлар ушул посттор аркылуу өтөт", - деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн