Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 12:49
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

"Акылбек Жапаровдун чакырыгы көз карандысыздыкка баскынчылык",- Акыл Кемелов

25.08.2021 16:37
803
"Акылбек Жапаровдун чакырыгы көз карандысыздыкка баскынчылык",- Акыл Кемелов

Жогорку Кеңештин депутаты Акыл Кемелов Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары,  Экономика министри Акылбек Жапаровдун чакырыгы боюнча сындап, Фейсбук баракчасы аркылуу кайрылуу жасады. 


" Урматтуу Акылбек Усенбекович! 


Социалдык тармактарда биздин жарандардын көпчүлүгү Орусияга кошулуу маселесин толугу менен колдоп жатат деген маалымат сиз тараптан демилгеленип, тарап жатат деп айтылууда. Мындай демилгени сиздей болгон белгилүү саясатчы, мамлекеттик ишмер, жана жогорку даражадагы кызматчы таратып жаткандыгы мамлекетибиздин эгемендүүлүгүнө шек келтирип жатат. Мындай маанилүү чакыруулар өлкөбүздүн көз карандысыздыгына баскынчылык катары кабыл алса болот. Бул кайрылууну сизге жазып жатып, каршы пикириңизди билдирет деп ниеттенем жана жогорку деңгээлде мындай чакырууларды таратпайт деп ишенем!"- деди Акыл Кемелов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн