Теке 27, 2024
Убакыт: 08:42
USD
EUR
RUB

"Акылман" президенттик лицейине кабыл алуу шарттары өзгөрдү

16.05.2024 14:26
219
"Акылман" президенттик лицейине кабыл алуу шарттары өзгөрдү

Президенттик лицейде билим алууну каалаган балдар окуп жаткан мектебинин админстрациясы аркылуу келиши керек. Мектептер ал окуучулардын маалыматын алгач райондук билим берүү бөлүмдөрүнө жиберет. Бул тууралуу Азиреткул Асанов билдирди.

Анын айтымында, конкурстук тандоо үч этаптан турат. Биринчи жана экинчи этап онлайн, ал эми үчүнчү турда ар бир облуста офлайн-тестирлөө жүрөт.

"Буга чейин лицейге кабыл алуу башталып, ал аз камсыз жана ата-энеси жок балдарга багытталып үч чектөө категориясында жүргүзүлгөн. Бирок бул өзгөртүүлөр азыр толугу менен алынды. 2024-2025-окуу жылындагы конкурстук тандоого 6-8-классты аяктап жаткан окуучуларды кабыл алуудабыз. Мурунку чектөөлөрдүн ордуна азыр жогоруда аталган класстардын окуучулары сынакка толук катыша алат. Алар Кыргызстандын жараны болуу менен бирге "жакшы" жана "эң жакшы" деген бааларга окушу зарыл. Ушул категорияга туура келгендердин баары биздин конкурстук талапка туура келет. Талапкерлердин тизмесин билим берүү борборлору министрликке жиберип, министрликтен бизге келип түшөт. Балдардын жакшы окуй турганын тастыктаган баалар мектептен табель түрүндө мөөр басылып "Акылман" лицейине жиберилет. Ошол аркылуу гана балдар талапкер боло алат", — деди Асанов.

Ал үч турдун негизинде жогорку балл алган 72 окуучу лицейге 7-класска кабыл алынарын кошумчалады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн