Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 08:37
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

"Аккула" ат майданы экинчи ирет аукционго коюлду

30.05.2024 10:34
184
"Аккула" ат майданы экинчи ирет аукционго коюлду


"Аккула" ипподрому кайрадан аукционго коюлду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, мүлк комплекси 33 лотко бөлүнгөн.


"Муниципалитеттин алдында ат майдандын аймагында мектеп, бала бакча, инженердик курулуштарды, жолдорду жана жашыл аймактарды куруу үчүн жер тилкелери калтырылды", — деп жазылат маалыматта.


Буга чейин 16-майда өтө турган аукцион арыздын жоктугуна байланыштуу болбой калган.


Белгилей кетсек, ат майдандын аянты 45,73 гектар. Объектинин баштапкы баасы 8 миллиард 731 миллион 917 миң сом (97 млн. доллардын тегереги) деп бааланган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн