Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 01:00
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

"Акула" чемпион! Акжол Махмудов Алматыда өткөн рейтингдик мелдештин финалында атаандашын 9:0 эсебинде утту

03.06.2022 20:23
1776
"Акула" чемпион! Акжол Махмудов Алматыда өткөн рейтингдик мелдештин финалында атаандашын 9:0 эсебинде утту

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Казакстандагы күрөш боюнча Bolat Turlykhanov Cup эл аралык рейтингдик мелдештин финалында жеңишке жетишти. 


Финалда Акжол Махмудов ирандык Пежман Солтанморад Поштамга эч кандай мүмкүнчүлүк бербей 9:0 эсебинде эки мүнөттө жеңип алды.


Мелдеш 2-5-июнь күндөрү Алматы шаарында өтүп, балбандар кыз-келиндер арасында, эркин жана грек-рим күрөшү боюнча күч сынашууда.


Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча 82 кг салмакта турнирдин чейрек финалынан баштап катышууда. Алгачкы атаандашы түркиялык Бурхан Акбудак болду. Күрөш башталганда Махмудов төрт упайга түркиялык балбанды көтөрүп чапты. Бирок Акбудак бир-экиден упай топтоп жатып Акжолго жетип алды. Жыйынтыгында эсеп 5:5 болгону менен, кыргыз балбанынын аракети үчүн жеңиш ага ооду.


Жарым финалда кыргыз балбаны грузиялык Торнике Дзамашвилини 4:1 эсебинде артта калтырып, финалга көтөрүлдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн