"Ала-Арча" жаратылыш паркына жакын жерден чет өлкөлүк альпинисттин денеси табылды. Бул тууралуу "Кактус.медиа" редакциясы билдирди.
Маалым болгондой, россиялык альпинисттер 14-августта Ак-Суу тоосуна чыккан. Чокудан түшүп келе жаткан учурда россиялык кулап кеткен. Анын денесин 15-августта шериктери алып чыккан.
Бүгүн анын денеси Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн