Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:46
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

"Ала-Тоо" аквапаркында каза болгон окуучунун апасы: Ал жерде куткаруучулар болот деп бизди ишендирген

07.06.2022 10:08
1728
"Ала-Тоо" аквапаркында каза болгон окуучунун апасы: Ал жерде куткаруучулар болот деп бизди ишендирген

6-июнда Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аквапаркында чөгүп каза болгон 3-класстын окуучусунун апасы кайрылуу жасады. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.


Окуучунун апасынын айтымында, аквапаркка эки ата-эне коштоп барган. Ал жерде каза болгон баланын апасы болгон эмес.


"Биз мектепке жана куткаруучуларга ишенип балдарыбызды жөнөткөнбүз. Менин уулум чөгүп кеткенден кийин дагы тез жардам чакырылган эмес. Мен 15 мүнөт ичинде бардым. Мен баргандан кийин тез жардам келди. Мен барганда баламдын руху учуп кеткен экен.

Эми мен баламсыз кантип жашаймын? Балам чөгүп жатканда куткаруучулар кайда эле? Бир айдан кийин 12 жашка толмок.


Сураныч туура маалымат таратыңыздар. Мен ал жерде болгон эмесмин. Жалган маалымат таратпагыла",- деп жазган аквапаркта каза болгон окуучунун апасы.


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Ураимова
Сабы берсин Аллахым.Эч кимди баласынан айрыбасын Аллахым.