Бүгүн, 10-июнда Бишкек шаардык кеңешинин жыйыны өтүүдө.
Шаардык кеңештин депутаттары №95 мектепте болгон окуя боюнча комиссия жана мектеп директору Айгүл Шимованын маалыматын укту.
Депутаттардын көпчүлүгү 3-класстын окуучусунун каза болушуна байланыштуу мектеп директорунун кызматтан бошотулушун талап кылды.
Вице-мэр Виктория Мозгачева окуя боюнча түзүлгөн комиссиянын корутундусунда да директорду бошотуу сунушу болгонун эскертип, ал иштен алынарын билдирди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн