Борбордук Ала-Тоо аянты Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоого даярдалууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев да майрамга даярдыгын текшерүү үчүн эртең менен аянтка барды.
Учурда параддын репетициясы жүрүп, адистер жабдуулардын техникалык жактан жарамдуулугун текшерип жатышат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн