“Тазалык” муниципалдык ишканасынын жумушчулары Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөн иш-чарадан соң “Ала-Тоо” аянтынан жалпы 4 тоннадан ашык таштанды чыгарды. Бул тууралуу муниципиалдык ишкананын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, тазалоо иштерине жалпы 60 кызматкер, 8 атайын техника анын ичинен 5 таштанды чыгаруучу жана 3 жолду жуучу техника тартылган.
Майрам учурунда аянтка жалпы таштанды салуучу 20 пластик челектер жана 20 даана биодаратканалар орнотулган.
Ошондой ишкананын кызматкерлери сахнаны, тосмолорду орнотушкан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн