Бишкекте "Ала-Тоо" аянтындагы Ардак кароол менен Кыргызстандын желеги төрт айга алынды.
27-апрель күнү Бишкектеги "Ала-Тоо" аянты оңдоп-түзөө иштери үчүн жабыла турганын калаа мэриясы билдирген. Аянттын аймагындагы коомдук жайлар убактылуу жабылат. Анын ичине тротуарлар менен скверлер кирет.
Муниципалитет Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата бийиктиги 100 метрди (учурда 45) түзгөн жаңы флагшток орнотууну пландоодо.
Чектөөлөр 31-августка чейин күчүндө болот.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн