Бугу 17, 2024
Убакыт: 17:46
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

"Ала-Тоо" аянтында илинип, кайра алынган сүрөт мамлекеттик органдардын жоопкерсиздиги жана шалаакылыгы

12.05.2021 01:22
1051
"Ала-Тоо" аянтында илинип, кайра алынган сүрөт мамлекеттик органдардын жоопкерсиздиги жана шалаакылыгы


"Ала-Тоо" аянтында илинип, кайра алынып ташталган сүрөт катуу талкуу жаратты. Бул жерде эч кандай ой же атайын ойлонулган идеология жок. Болгону азыр мамлекеттик органдарда калыптанып калган ЖООПКЕРСИЗДИК жана ШАЛААКЫЛЫК эле. Жасалып жаткан ишке жоопкерчиликтүү мамиле жок. Ушундан улам канчалаган ишчараларда илинген баннерлер ката болуп келди. Айтылып, жазылып деле жатат, бирок оңолуу жок. Эмне үчүн мурдагы замандарда мындай болчу эмес? Анткени ар бир ката үчүн жоопту кызматтагы адамдар жазасын алчу. Лозунг же үгүт-плакат коомдук жайга илинерден мурда анын эскизи даярдалчу, ал эскизди жоопту кызматкер карап чыгып, анан ошол эскизге кол коюп берчү - даярдап илүүгө болот деп. Мына ошондон кийин гана мастерскойдо же типографияда даярдалып, даяр продукция кайрадан бекитилген эскиз менен салыштырып, анан гана белгиленген жерге илинчү. Азыр деле ушул талап. Бирок тилекке каршы шалаакылыктан улам эч ким тартипти сактабайт, эскиздерди карап койгондон эринишет. Анан бири-бирине шылтап, кимдин күнөөсү менен кейиштүү жагдай жаралганы табылбай кала берет...


Эмилбек Каптагаев, коомдук ишмер

Редакциядан: Автордун макаласы редакциянын көз карашын чагылдырбайт

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн