Бишкек шаарынын күнүндө калаа тургундары концерттик программа жана спорттук иш-чараларга күбө боло алышат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын 144 жылдыгынын урматына мэрияга караштуу маданият, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти 29-апрель күнү саат 19:00дө "Ала-Тоо" аянтында кыргыз эстарда жылдыздарынын катышуусундагы концерттик программа уюштурат. Майрамдык иш-чаралар кечки саат 22:00гө чейин уланмакчы.
Бишкек шаарында өтүүчү майрамдык иш-чаралардын программасы:
29-30-апрелде саат 13:00дө 7-кичи районундагы Безымянная 38/1 дарегинде "Мушкетёрлор" клубунда фехтование боюнча өспүрүмдөр жана кадеттер арасында Бишкек шаарынын Кубогу өтөт;
28-29-апрель күндөрү саат 09:00дөн 12:00гө чейин Свердлов райондук муниципалдык аймактык башкаруу кызматкерлери арасында спорттун 5 түрү боюнча жазгы спартакиада болот;
29-апрелде саат 09:30да Келечек жаңы конушундагы №87 орто мектепте пионербол, мини-футбол, аркан тартыш, эстафета, дартс боюнча мелдеш өтөт;
29-апрель күнү саат 09:30да Широкая 2а дарегинде жайгашкан №16 орто мектепте пионербол, мини-футбол, аркан тартыш, эстафета, дартс боюнча мелдештер орун алат;
29-апрелде саат 09:00дөн 14:00гө чейин "Мото" соода борборунда окуучулар арасында стол тенниси боюнча мелдеш өтөт.
Ушул эле убакта Ден соолук сейил багында стритбол боюнча Bishkek Open иш-чарасы өткөрүлөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн