5-октябрда "Ала-Тоо" аянтындагы башаламандыкта жабыркап, ооруканада каза болгон 19 жаштагы жигиттин өлүмү боюнча териштирүү жүргүзүлөт. Бул тууралуу ички иштер министринин милдетин аткаруучу Курсан Асанов 8-октябрдагы брифингде билдирди.
Анын айтымында, митингде жабыркаган жарандардын арасында ИИМдин кызматкерлери көп.
"Мен каза болгон жигиттин жакындарына көңүл айтам. "Ала-Тоо" аянтында жабыркаган адамдар менен жолугуп келдим. Көбү башынан, бутунан ок жептир. Арасында ИИМдин дагы кызматкерлери бар", - деди ал.
"Жарандарга ок атууга ким буйрук берген?" деген суроого Курсан Асанов: "Буйрукту министр берет да. Балким ал бул ишти орун басарларына жүктөп коюшу мүмкүн", - деп жооп берди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн