Бүгүн, 5-октябрда Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аянтында өтүп жаткан митингге төкмө акындар, ырчылар кошулду. Митингге 3000-4000дей адам катышууда. Алар шайлоонун жыйынтыктарын тааныбай турушканын айтууда.
Тынчтык акциясына КРнын Эл артисти Курмангазы Азыкбаев, төкмө акын Азамат Болгонбаев, ырчы Кайрат Примбердиев, алып баруучу Назира Айтбекова, шоумен Бакыт Байсариев жана рэп аткаруучу Тата Улан бар. Учурда Азамат Болгонбаев элдин талабын комуздун коштоосунда төгүп айтып жатат.
Бүгүн, 5-октябрда Бишкек шаарындагы "Ала Тоо" аянтында шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар тактап айтканда, "Социал Демократтар", "Мекенчил", "Мекен Ынтымагы", "Чоң Казат", "Ата Мекен", "Республика", "Замандаш" жана "Бир Бол" партияларынын өкүлдөрү жана тарапташтары митинг өткөрүп жатышат. Митингде "Шайлоо жокко чыксын!", "Бандиттин жана коррупционердин орду түрмөдө!", "Күрөш башталды!" деген ураандар айтылууда.
Митингчилердин негизги талабы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу жана аны кайра өткөрүү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн