"Аламүдүн" базарынын айланасында унаа кыймылын уюштуруу схемасы өзгөртүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, чечим транспорт тыгындарын тартипке келтирүү, азайтуу жана көчөлөрдүн өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында кабыл алынууда.
"Жибек Жолу проспектинде жана Курманжан датка көчөсүндө бардык зарыл болгон жол белгилери орнотулуп, чийиндер чийилип жана унаа токтотуучу "чөнтөктөр" демонтаждалып, коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Муса Жалил көчөсү менен чыгыш тарапка, андан ары Буденный көчөсү менен бир тараптуу кыймыл уюштурулат", — деп айтылат маалыматта.
Бул өзгөртүүлөрдү 1-январдан баштап пилоттук долбоордун алкагында киргизүү пландалып жатканы белгиленди. Мындан тышкары, коомдук транспорттун аралыгын сактоого багытталган иштер дагы жасалары күтүлүүдө.
Унаа кыймылын өзгөртүү тиешелүү органдар менен макулдашылганы кошумчаланды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн