Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 20:07
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

"Алай" клубу "Алганы" жеңип, Азия футбол конфедерациясынын оюндарына жолдомо алды (фото)

11.11.2022 07:34
605
"Алай" клубу "Алганы" жеңип, Азия футбол конфедерациясынын оюндарына жолдомо алды (фото)

10-ноябрда Ош шаарынын А.Сүйүмбаев атындагы борбордук стадионунда Оштун “Алай” клубу менен Бишкектин “Алга” клубунун беттеши өттү.


Жолугушуунун акыркы эсеби 1:0 эсебинде талаа ээлеринин пайдасына аяктады. Бул жолугушууда жалгыз голду “Алай” футболдук клубунун жарым коргоочусу Бахтияр Дүйшөбеков киргизди.


Беттеш аяктагандан кийин Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов чыгып, жалпы жыйынтыкка ар бир оюнчунун, машыктыруучулардын салымын белгилеп, куттуктады.


Белгилей кетсек, “Алай” ФК бүгүнкү оюндан кийин 50 упай топтоп, турнирдик таблицада 2-орунга чыгып жатат. Эми “Алай” 2023-жылкы АФК кубогунда Кыргызстандын намысын коргойт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн