Равшан Жеенбеков Үсөнбек Ниязбековго карата айткан сөздөрү үчүн кечирим сурасын. Бул тууралуу УКМКнын "Альфа" кызматынын ардаргерлери АКИпрессте берген маалымат жыйынында билдирди.
18-январь күнү Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурумда маркум Ниязбековдун энеси Өктөм Мамаева менен жактоочу Замир Жоошев экөөсүнүн ортосунда жаңжал чыккан. Буга айыпталып жаткан Равшан Жеенбеков да аралашып, "Сенин уулуң бизди атканы келген" деп айткан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн