Бугу 18, 2024
Убакыт: 14:22
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

"Алым Токтомушев сизсизби?". Устаттын көөнөргүс сабагы

21.08.2023 15:42
250
"Алым Токтомушев сизсизби?". Устаттын көөнөргүс сабагы


Жазуучу, публицист Аким Кожоевдин блогу.

Беш жыл Бишкекте жүрүп кетсем да өзүн көрө элек элем. Бирок студент кезде "Асаба" гезити колума тийип калса, Алым Токтомушевдин бир сабын да калтырбай окучумун. Алым байкенин стили, жазуу манерасы, сөз байлыгы, ташка тамга баскандай, андан да күчөтүп айтсак, бутага таамай тийгендей так, жүйө-далилдүү, бийликтегилердин сөөгүнөн өтүп чучугуна жеткендей курч макалалары макала, эссе сыяктуу (ал кезде ой толгоо деп койчубуз) бир нерселерди чиймелеп, эч жерде жарыялай элек мен үчүн эле эмес, бүтүндөй бир муунга өрнөк, үлгү болду. Бул мааниден алганда Алым Токтомушев деген ысым журналистикада (өзгөчө кыргыз публицистикасында) өзүнчө бир үлкөн мектепти түптөп кеткени талашсыз.

2002-жылы кышында Кара-Тегинде жүрүп ооруп калдым. Ишим жүрүшпөй, үмүт-кыялдарымдын баары ойрондолуп, катуу стресске кабылдым. Жерге-Талда заманбап билимкана ачсам деген бийик максат менен барган элем, бирок ошол кездеги райондун жетекчилиги менин демилгемди колдобой койду. Улам-улам кан басымым көтөрүлүп, башым ооруп, илдет мени абдан алсыратты. Жергиликтүү ооруканада жатып жакшы боло албадым. Бир жыл бою илең-салаң болуп жүрдүм. Оор жумушка жарабай да калдым. Кийинки жылы күзүндө, жыйым-теримди алгандан кийин үйдөгүлөр Бишкекке жөнөтүштү.

Кара-Тегинден чыккан ары билимдүү, ары адамгерчиликтүү жигиттердин бири, медицина илимдеринин кандидаты Акбар Махмадиевдин сунушу менен Республикалык оорукананын кардиология бөлүмүндө жатып дарыландым.

Мына ошондо Алым байкени биринчи жолу көрдүм. Бейтаптардын ичинен көп ачылып сүйлөй бербеген, бир сырдуу, ар ким менен баарлашканга караганда жалгыздыгын, өз дүйнөсүн артык көргөнсүгөн табышмактуу бир адам дароо менин көңүлүмдү бурду. Айрыкча анын баш көтөрбөй китеп окуганы мени катуу кызыктырды. Мен дагы китеп окуйм, бирок мен каалагандай жерде эле мынчалык берилип окуй албайм. Азыраак эле шыбырт-шубурт болсо алаксып кетем. А бу киши тегерегинде эмне болуп жатканы менен түк иши жоктой, дүйнөнүн бары-жогун унуткандай, бүт дитин, бүт ынтаасын коюп окуйт экен. Бир канча саат бою тыным албай, баш көтөрбөй окуганы мени катуу таң калтырды.

Кыргыздын дагы бир залкар жазуучусу Кубатбек Жусубалиевдин бир каарманы (чамасы, автордун өзү) Дантени кантип окуганы жөнүндө: “Китеп окушту менден көргүлө. Бир окусам күнүн-түнүн карабай окуй берем. Жатып окуйм, туруп окуйм, отуруп окуйм, уктап жатып да окуйм. Тыш да калат, иш да калат. Кадалып отурганым отурган. Дааратканада да окуйм. Көчөдө басып баратып да окуйм, дарактарды, кишилерди сүзүп алам”, - деп айтат эмеспи. Алым Токтомушев да ошондой эргүү, ошондой берилүү менен окуйт экен.

Алым Токтомушевдин Алым Токтомушев болгондугунун себебин ошондо аңдап-түшүндүм. Балким, Жараткан Алым агайга өзгөчө шык берсе бергендир, бирок Алым агайдын аалымдык даражага жетишине эң мурда тырышып жүрүп алган илим-билими, казып окуган китептери огожо болгону анык.

Мага рахматы агай Иммануил Кант сыяктуу катуу эреже-тартип менен жашаган, өмүрдө бир мүнөтүн да сая кетиргиси келбеген адам сыяктуу көрүндү.

Мен табиятымдан уяң, тартынчаакмын, адамдар менен дароо тил табышып кете албайм. Бирок китеп окуган кишини өзүмө жакын алам, андай кишилердин чөйрөсүндө өзүмдү эркин сезем. Ошол себептүү адегенде эле Алым агайга суроо артынан суроо бере баштадым:

- Сиз китепти аябай көп окуйт турбайсызбы, - дедим атын да сурабастан.

- Убакыт болгондо окуйм.
- Каякта иштейсиз?
- Мен филологмун.
- Мен да филологмун. Кыргыз тилчисизби? – деп сурадым кызыгуум артып.
- Ооба.
- О, кесиптеш турбайбызбы! Мектепте иштейсизби!
- Жок, - андан ары сөздү уланткысы келбей, кыйылып жооп берди.
Бирок мен такып сурап жатып журналист экендигин, "Асабада" (же "Агым" дедиби, так эсимде жок) иштей тургандыгын аныктадым.
- "Асабада" иштесеңиз, атыңыз ким? – деп сурадым барган сайын авазкөйлүгүм артып.
- Алым, - деди ал, менден тажагандай.
- О, Алым Токтомушев сизсизби?! – деп кыйкырып ийдим катуу толкунданып. Ал эми Алым агай оңтойсузданып, кызара түштү.
Эми ойлосом, аарыдай жабышып ошондо өтө эле адепсиздик кылган экенмин. Көрсө, атактуу кишилер (а Алым Токтомушев атактуу адам эле) күйөрмандарынан да, башкасынан да тажайт экен да.
Жаңы эле бүткөн "Күзгү" деген аңгемемди жана “Өлүм” аттуу повестимди алып барган элем. Соңку барганымда: “Күзгүң” ничего, диалогдорду мыкты курупсуң. А повестиң схематичный болуп калыптыр”, - деди орусча-кыргызча аралаштырып. Эки чыгармамды тең өзү редакциялап, журналга басып чыгарды.
Алым агай өткөндө катуу кайгырдым. Ырас, агай экөөбүз жакшы тааныш эмес элек, бирок Алым Токтомушевдин дүйнөсү мага жакын эле. Анын өлүмү кыргыз маданиятынын бир капшытын эңшерип кеткендей болду.
Агайдын журналистикага кошкон салымы, мыкты акын болгондугу тууралуу көп эле айтып, көп эле жазып келебиз. Бирок котормочулугу жөнүндө анча кеп кыла бербейбиз. Алым агай Ашым Жакыпбеков менен Аман Токтогуловдун деңгээлиндеги котормочу болгон десем жаңылышпайм. Тилге өз жанындай аяр мамиле кылган, аны өз абийириндей таза сактоого умтулган Алым Токтомушевдей жоопкерчиликтүү инсандар күндө эле туула бербейт. Кайсы бир калемдеш-замандашы (ким экени эсимден чыгып жатат) “Алым жөнөкөй кабар жазса да кан-терин төгүп, жан-тенин төшөп жазчу” деп айтты эле. Акыйкат сөз. Анын тексттерин окуганда эне тилибиздин күч-кубатын, ыргагын, жугумдуулугун, жагымдуулугун сезесиң. Айрыкча өмүрүнүн соңку жылдары оодарган котормолору керемет иштелген.

Муну мен кийин, Жан Жак Руссонун "Сыр төгүү" аттуу өмүр баяндык романын, Рюноске Агутагаванын аңгемелерин, Артур Шопенгауэрдин илимий эмгектерин окугандан кийин түшүндүм.

Рюноске Агутагава автобиографиялык бир аңгемесинде жолуккан жерде өзүн бура бастырбаган бир күйөрманынан кантип тажагандыгы тууралуу, өзүн айга-күнгө теңеп мактай берген немени өлөрчө жек көрүп калгандыгы жөнүндө кеп кылат. Ал эми өзүнүн философиялык чыгармалары менен адамзаттын акыл-эсинде бурулуш жасаган даанышман Жан Жак Руссо орто куракка келгенде өзүнө окшоткусу, өзүндөй жашаткысы келген кишилердин коомунан качып, калган өмүрүн жалгыз өткөрөт. Бүт убакты-саатын чыгармачылыкка жумшап, бүгүн да өз маанисин жоготпогон улуу эмгектерин жазат.

Калеминин күчү менен мен сыяктуу көптөгөн чыгармачылыкка куштар жаштардын кумирине айланган Алым агай өтө кичи пейил, сыпайы, илбериңки экен. Бирок анын көп чечилип сүйлөй бербегени, өз дүйнөсүн оңойчулук менен көрүнгөн бирөөгө ачпай тургандыгы баамыма урунду. Кимдир бирөө кепке тартса гана сөзгө аралашып, калган убакта китеп окуп, же тек өз ойлору менен алек болуп жата берчү.

Мен Алым агайга өзүм жөнүндө, мен дагы бир нерсе жазганга дилгирленип жүргөнүм тууралуу айтып бергим келди, бирок батынбадым. Агай мага кээде тоңдоосундай, же өзүнөн бөлөктөрдүн маселесине анча кызыга бербеген өзүмчүл кишидей да туюлуп кетчү. Эми баамдасам, бул агайдын өзүн-өзү сактаганы, психологдор айткандай, “коргонуу реакциясы” тура. Эгерде ал киши күндө көрүнгөнгө төгүлүп-чачыла берсе, анда Алым Токтомушев боло алмак эмес экен да.

Орустун коңгуроо үндүү ырчысы Валентина Толкунова жөнүндө Жолдош Турдубаев байке бир кызык окуя айтып берди эле: “Теледен ал жөнүндөгү берүүнү көргөнүм эсимде. Бой келбети келишкен, жүзүнөн мээри төгүлгөн аял эмес беле. Тунук, назик үнү, нур чачыраган жүзү, бүтүндөй турпаты терең лирикалуу ырга шайкеш келчү, - дейт. - Ошол берүүдө журналисттер анын көчөдө баратканын да тартышкан экен. Сулуу, келбеттүү, басканы да көзгө толумдуу. Бирок сахнадагы Толкунованы эмес, таптакыр башка аялды көрүп, таӊ калдым. Өтө сүрдүү, эч кимге көӊүл бурбай, кабагын бир аз чытып, тез-тез басып баратты. Кийин ойлонсом, ошенткени туура экен. Болбосо аны миӊдеген фанаттары уйгактай жабышып, убактысын бөөдө коротот окшойт”.

Алым агайды Иммануил Кант сыяктуу катуу эреже-тартип менен жашайт экен деп бекеринен айтканым жок. Ал күн сайын баарыбыздан эрте туруп, палатанын терезелерин чоң ачып салчу. Бети-колун жууп келгенден кийин дене тарбиялык көнүгүүлөрдү жасап, анан ары-бери баса баштачу. Биз (айрыкча мен) тыштан кирген кеч күздүн ичиркенткен абасына бүрүшүп отурсак, а агай жалаң көйнөкчөн суукту тоотуп да койбой, көпкө чейин баса берер эле. Кийин эртең мененки тамакка же укол-дары алганга чейин тынбай китеп окучу. Ошол сааттарда мага Алым агай ооруканага дарыланганы келбей эле, китеп окуганы келген адамдай сезилчү.

Тажистандан көчүп келген соң бейиши болгур Алым агайга болгону эки-үч жолу гана кездештим. Биринчисинде, 2012-жылы Ысык-Көлдө өткөн дүйнөлүк кыргыздардын жалпы жыйынында экөөбүздү Жолдош байке тааныштырды. Кийинкисинде бир-эки ирет «Жаңы Ала-Тоо» журналынын редакциясына барып жолуктум. Бирок бир да жолу экөөбүздүн ооруканада чогуу жатканыбыз тууралуу айтпадым. Оңтойлуу учуру болбоду. Тагыраагы, үстөлүндө дайыма кагаздар менен алек болуп отурган агайды алаксыткым келбеди. Анын убактысын аядым.

Ошол ошол болду, ошондон кийин Алым Устатты башка көргөнүм жок...

Окуп эле отургуң келет. Улуу даанышман Чыңгыз Айтматов айтмакчы, улам-улам ар бир сөзүн кармалап көргүң келет. Суктанасың, тамшанасың, өз тилиң үчүн кубанасыӊ, кыргыз болгонуң үчүн сыймыктанасың. Алым Устаттын бизге калтырган кунсуз мурасы дагы, көөнөргүс сабагы дагы мына ушул.


Булак: «Азаттык» үналгысы

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн