Бугу 16, 2024
Убакыт: 04:17
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

"Алыш" белбоо күрөшүнүн классикалык түрү боюнча Азия чемпионаты жыйынтыкталды (тизме)

23.05.2022 12:22
1584
"Алыш" белбоо күрөшүнүн классикалык түрү боюнча Азия чемпионаты жыйынтыкталды (тизме)

Ош шаарындагы Акматбек Сүйүнбаев атындагы стадиондо өтүп жаткан "Алыш" белбоо күрөшү боюнча Азия чемпионатында күрөштүн классикалык түрү боюнча мелдеш жыйынтыкталды.  


Азия чемпионаты 21-23-май күндөрү өтүп, ага ондон ашык өлкөдөн келген балбандар катышууда.


Эркектер арасында күрөш 60, 70, 80, 90, 100 жана 100+ килограмм салмакта өттү. 

Ал эми кыз-келиндер арасында 55, 60, 65, 70, 75 жана 75+ салмакта өттү.


Чемпионаттын ачылыш аземине КРнын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова, Алыш күрөш федерациясынын президенти  Шабданбек Амиралиев жана чет өлкөдөн келген коноктор катышты.


Жалпы эсеп боюнча эркектер арасында Кыргызстан биринчи орунду ээледи. Ал эми кыз-келиндер арасында Кыргызстан экинчи орунду ээледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн