Бугу 18, 2024
Убакыт: 12:31
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

"Алкан" базарында бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөн

"Алкан" базарында бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөн


Бишкек шаардык милициясына "Дордой" базарынын аймагындагы "Алкан" базарында бомба изделүүдө.

Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, бомба тууралуу маалымат бүгүн саат 09:55те "102" кызматына түшкөн.

Маалымат алынгандан кийин дароо Свердлов райондук ыкчам-издөө тобу окуя болгон жерге жөнөп кеткен.

Учурда аталган аймак милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынып, базарга келгендер жана кызматкерлер эвакуацияланды.

Азыркы учурда ал жерде Ички иштер министрлигинин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кинологдору иштеп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн