Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:41
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

"Алтын балалык" борборунда аймактардан келген 1,6 миң балага эс алуу уюштурулат

12.06.2024 10:05
162
"Алтын балалык" борборунда аймактардан келген 1,6 миң балага эс алуу уюштурулат


Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ысык-Көл облусундагы "Алтын балалык" ден соолукту чыңдоо реабилитациялык борборунда аймактардан келген окуучулардын эс алуусу уюштурулду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР президентинин Иш башкармалыгы менен биргеликте балдардын бош убактысын ден соолугун чыңдоо менен өткөрүү пландаштырган. Буга министрликтин багыты боюнча 1 585 бала эс алууга барат.

Биринчи агым менен 10-24-июнь аралагында 800 бала жана аларды коштоп жүргөн адамдар үчүн жатакана, тамак-аш, оюн-зоок программалары, ар кандай ийримдерде билим алуу камсыз кылынды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн