Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 16:54
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

"Альянс Алтын" Алтайдан Таласка 35 баш марал алып келүүнү каржылайт

12.04.2022 12:24
1017
"Альянс Алтын" Алтайдан Таласка 35 баш марал  алып келүүнү каржылайт

 "Альянс Алтын" Алтайдан 35 баш марал  алып келүү долбоорун каржылайт. 


Кыргыз Республикасынын Президентинин "2022-жыл тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө" жарлыгына ылайык, КРнын жаратылыш ресурстары экология жана техникалык көзөмөл  министрлигинин Талас регионалдык башкармалыгынын долбоорун колдоодо “Альянс-Алтын” компаниясынын  алдындагы “Бакубат Талас” фондунун 2,5 миллион сомдук каржылоосунда долбоор ишке ашууда. 


Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Б. Нарбековдун Орус Федерациясынын Алтай Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Талас облусунун Бакай-Ата районунун Үр-Марал өзөнүндөгү, антропогендик себептерден улам жок болуп кеткен маралдардын популяциясын калыбына келтирүү, көбөйтүү максатында  Алтай Республикасынан 35 баш марал алынып келинип, корукка коё берилет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн