Бугу 13, 2024
Убакыт: 18:00
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

"Альянс Алтын" өнүктүрүү фонду Таласта таштанды иргөөчү заводдун курулушуна каражат бөлөт

08.07.2022 14:02
604
"Альянс Алтын" өнүктүрүү фонду Таласта таштанды иргөөчү заводдун курулушуна каражат бөлөт


"Альянс Алтын" өнүктүрүү фонду Таласта таштанды иргөөчү заводдун курулушуна 6 млн сом бөлдү.

Компаниядан билдиргендей, завод Таластан 12 км аралыктагы Калбын айыл аймагына курулат. Долбоор "Эко Монтис" ЖЧК тарабынан сунушталган.

"2018-жылы биз 10 жылдык мөөнөткө Талас шаарынан чыккан калдыктарды төгүүчү полигонду ишке берүүгө келишим түзүп, уруксат алганбыз. Ошондон бери таштанты иргөөчү завод куруп, таңгакталган калдыктарды кайра иштетүүчү ишканаларга берүүнү пландап келебиз. Эгер биз долбоорду ишке киргизсек айына 200 тоннага чейин калдыктарды кайра иштетебиз", - деди "Эко Монтистин" директору Янтар Атабеков.

Таштанды иргөөчү заводдун курулушуна 8 млн сом керектелет. Бүгүнкү күндө 1 млн 865 мин сом салынды. "Альянс Алтын" фонду пайызсыз кайтаруу менен 5 жылдык мөөнөткө 6 млн сом бөлдү.

Белгилей кетсек "Альянс Алтын" ЖЧК Жерүй алтын кенин иштетүү жана Жерүй аянтында алтынга геологиялык чалгын жургүзүү лицензиясына ээ.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн