Бугу 07, 2024
Убакыт: 03:42
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

"Альянс" партиясынын курамында кимдер бар?

26.10.2021 13:32
1404
"Альянс" партиясынын курамында кимдер бар?


12-октябрда «Альянс» партиясы курултайын өткөрүп, парламенттик шайлоого карата талапкерлеринин тизмесин жарыялады. Аталган партия «Бир Бол», «Кыргызстан либерал-демократиялык партиясы» жана «Адилеттүү Кыргызстан» партияларынан куралган.

Курултайдын жыйынтыгында партиянын талапкерлеринин тизмеси бекитилди. Ага ылайык, «Альянстан»  Мирлан Жеенчороев, Жанар Акаев, Чынгыз Айдарбеков, Оргалча Токтобубу, Алтынбек Сулайманов, Фарходбек Алимжанов, Эльдар Абакиров, Айсулуу Мамашова, Максатбек Сулайманов, Жолдошбек Кожобековдор шайлоого катышмай болгон.

Ал эми, партиянын мүчөлөрү депутаттар Мирлан Жээнчороев менен Жанар Акаевди «Альянстын» тең төрагалары болуп шайланды.

«Республикадан»  «Альянска»

Мирлан Жээнчороев 2015-жылы «Республика — Ата-Журттан» Жогорку Кеңешке депутат болуп келген. 2019-жылы Өмүрбек Бабановдун ордуна партиянын лидери болгон. Былтыры жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого ал «Республика» партиясын баштап барган.

Жээнчороев, былтыркы октябрь окуяларынан кийин премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдой турганын айтып, көп тараптуу сүйлөшүүлөр жүргөнүн билдирген.

«КСДП», «Ата-Мекен», «Альянс». Алты жылда 3 партия алмаштырган Жанар Акаев

Жанар Акаевдин саясаттагы жолу 2015-жылы башталган. Ал ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин басма сөз катчысы болуп иштеп жүрүп, КСДП партиясы менен парламентке келген. Бирок 2017-жылы Акаев аталган партиянын тизмесинен чыгарылган. Ага саясатчынын «позициясы фракциянын позициясы менен туура келбегени» себеп болгон. Кийин ал эркин депутат катары ишин уланткан.

Андан соң, пандемияга байланыштуу токтотулган жергиликтүү кеңештерге өткөн шайлоого «КЛДП» партиясын түзүп, катышкан. Ал эми жыйынтыгы жокко чыгарылган былтыркы шайлоодо «Ата-Мекенди» баштап барган.

Быйыл 3 партиядан куралган «Альянстын» сап башында тең төрага болуп баратат.

Президенттин тарапташтарын ташыган жана биринчи айымдын кайрымдуулук иштеринде аты аталган компаниянын ээси «Альянстын» талапкери

Андан кийинки тизмеде Оргалча Токтобүбү турат. Ал ачык булактарда шаардык жана шаар четиндеги жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча ишмердүүлүк кылган «Шыдыр Жол Кей Джи», транспорт каражаттарын тейлөө жана оңдоо менен алектенгени көрсөтүлгөн  «МегаКомпани», ич кийим өндүргөн  «Томас Кей Джи» компанияларына жана «Диализ» медициналык борборунун ээлик кыла турганы жазылган.

«Шыдыр Жол» жана  былтыркы октябрь окуялары

«Шыдыр Жол Кей Джи» компаниясынын автобустары 2020-жылдагы  октябрь окуяларында Садыр Жапаровдун тарапташтарын ташып жүргөнү маалымдалган. Көп өтпөй Бишкек шаардык мэриясы буга байланыштуу расмий сайтына билдирүү жарыялап, ал автобустардын «Бишкектин жүргүнчү ташуучу автотранспорттук ишканасы» муниципалдык ишканасына тиешеси жок экенин, митингчилер тууралуу тарап жаткан сүрөт жана видеолордогу автобустар «Шыдыр Жол KG» компаниясына таандык экенин маалымдаган.


Кытайлык кыргыз, Кыргызстанга инвестор катары келген жарандын аталган «Шыдыр Жол KG» компаниясы 2016-жылы Бишкек шаардык мэриясы менен  №35 каттамды, 2019-жылы №5 каттамды чоң автобус менен тейлөө үчүн келишим түзүп, иштей баштаган.

Бирок, мэрия менен аталган компаниянын талашы белгисиз жагдайда уланып келет. Бишкек шаардык мэриясы компанияны келишимдерди аткарбаганга айыптап жатат.

Андан соң, ушул жылдын июнь айында Бишкек шаарында коомдук транспорт жетишсиздиги учурунда биринчи айым Айгүл Жапарова өзүнүн кайымдуулук фонду аркылуу жүргүнчү ташууга 20 автобус чыгарганы белгилүү болгон.

Дал ушул кайрымдуулук ишинде да аталган компаниянын автобустары шаардыктарды ташууга тартылган.

Биринчи айымдын «Үмүт булагы» фонду  бул автобустарды ижарага алганын билдирсе, «Шыдыр Жол KG» кайрымдуулук деп атаган.


Убадалары жерде калган Сулайманов 

Кесиби боюнча юрист жана экономист Алтынбек Сулайманов эмгек жолун ошол убакта колхоздо иштөө менен баштап кийин жеке ишкерликке өткөн. Бизнестен саясатка аттанган партиянын лидери алгач 2007-жылы Жогорку Кеңештин IV чакырылышына Бакиевчил делген «Ак Жол» партиясынан депутат болуп барган.

2010-жылы октябрда мандатты Өмүрбек Бабановдун партиясы болгон «Республиканын» тизмеси менен барып алган. Андан соң, 2015-жылдагы шайлоодо өз алдынча «Бир Бол» партиясын түзгөн. Партиянын лидери Алтынбек Сулайманов Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясын жетектейт. Фракция парламенттеги коалициялык көпчүлүктүн катарында.

Алтынбек Сулайманов 2015-жылдагы парламенттик шайлоонун алдында «Бир Бол» партиясын түптөгөн. Ал мурунку бийликтин тушунда өкмөттү жетектеген адамдарды, мурунку министрлерди, таасирдүү саясатчыларды жана коомдук ишмерлерди бириктирген. Шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө партиянын баннерлеринде «Бакиевдин 11 досу» деген жазуусу бар мемди  да пайда болгон.

Партия өзүнүн «Илбирс секириги» программасында мамлекеттик башкарууну реформалоону, тартип сакчыларынын жана мугалимдердин эмгек акысын эки эсе көбөйтүүнү жана өкмөттүн чыгымдарын кыскартууну убада кылган. Эң кызыгы, программада көрсөтүлгөн «секирүү» качан ишке ашаары кийинки чакырылыш жыйынтыкталганга чейин белгисиз болуп келди. Партиянын «Илбрис секириги» бир гана мүчөлөрүн кызматка коюууда гана ишке ашты.

Мисалы, 2018-жылдагы Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замир Аскаровдун «Бир Болдун» квотасы менен вице-премьерликке, анын ордуна Ноокаттагы айылдык кеңештин депутаты Саибжан Турдуевдин кызматтык тажрыйбасы жетпегине карабай шаарга биринчи вице-мэр болушу коомчулукта кызуу талкуу жараткан.

Айымдардын укугун талашкан Мамашова 

Айсулуу Мамашова саясатка ишкерликтен келген жана парламенттин азыркы чакырылышында «Ата Мекен» партиясынан шайланган. Былтыркы жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоого «Замандаш» менен катышкан. 

Депутаттык ишмердүүлүгүндө бир топ мыйзамдарга демилгечи жана авторлош аталган.

Миграцияда ажырашкан ата-эненин балдарын коргош үчүн жыл башында Айсулуу Мамашова балдарына алимент төлөбөгөн жарандарды айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратып, чет өлкөгө чыгышына тыюу салууну сунуш кылган. Ошондой эле алименттик милдеттенмелерди жөнгө салчу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө документти 19 аял депутат менен бирге демилгелеп чыккан. Мыйзам долбоордо Кыргызстанда алименттин эң төмөн суммасын 1800 сом кылуу сунушталган.

Мындан сырткары, Мамашова жыл башында үй-бүлөлүк зомбулук үчүн шектүүнү 48 саатка камоочу мыйзамды алып чыккан эле.

Чыңгыз Айдарбеков мурдагы Тышкы иштер министри. Ал бул кызматка 2018-жылы дайындалып, бирок өткөн жылдагы октябрь окуяларынан кийин кызматынан бошотулган. Кийинчерээк Айдарбеков ошол кезде президенттин милдетин аткарган Садыр Жапаровдун кеңешчиси болуп, көп өтпөй бул кызматтан да кеткен. Ушул тапта парламенттик шайлоого катышуу үчүн Айдарбеков «Альянс» менен баратат жана бул мурдагы министрдин мандат үчүн ат салышкан алгачкы аракети.

Партиянын тизмесине Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров да кирген. Ал 2021-жылы өткөн президенттик шайлоого катышып, шайлоочулардын 0,5% добушун алган.

Мындан сырткары, бул партиядан  «Электр станциялар» ААКнын директорлор кеңешинин мүчөсү жана Социалдык фонддун Свердлов райондук башкармалыгынын башчысы Максатбек Сулайманов да бар.

Ишкер талапкер 

Фарходбек Алимжанов — жеке ишкер. Ал парфюмерия жана косметикалык продукциялардын дүңүнөн саткан «Бакай-Юг» соода үйүнө, коммерциялык, ишкердик коомдук уюмдардын иши менен алектенген  «Ак-Кайын» жабык акционердик коомуна, «Инновация» интеллектуалдык өнүгүү жана бизнести колдоо институтуна жана «Айбек Алимжанов» атындагы кайрымдуулук фондко ээлик кылат.

Булак: t-media

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн