Бугу 12, 2024
Убакыт: 04:36
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

"Апам ооруп жатат" деп телефон уурдаган жубайлар кармалды

19.04.2022 10:32
665
"Апам ооруп жатат" деп телефон уурдаган жубайлар кармалды

Ош шаарында такси кызматын пайдаланып, айдоочуларды алдап телефонун алып, из жашырып кеткен жубайлар кармалды. Алардын үстүнөн 13 арыз түшкөн. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.


Кармалгандар: 1996- жылы туулган А.М. жана анын 2002-жылы туулган И.Г. аттуу жубайы. Экөө теӊ мурда башка кылмыштары үчүн соттолуп чыгышкан. Алар Ош шаарына Өзгөн шаарынан келип кылмыш жасап турушкан. 


“Бул кылмыштуу үй- бүлө такси кызматынан пайдаланып, андан соӊ телефондорун ар кандай шылтоолорду айтып, чалып алуу үчүн убактылуу сурап турушкан. Телефон ээси саамга алаксый түшкөн учурда из жашырып кетип турушкан. 


Жабырлануучулардын биринин арызына караганда, шектүү И.Г. аны Ош шаардык ооруканасына чейин жеткирип коюуну өтүнгөн. Андан соӊ «Апам ооруканада жатат. Кандай дарылар керек экендигин дарыканадан сурап алайын, телефонуӊузду берип турунуз, менин телефонумдун кубаты түгөнүптүр» деп алдап, изин жашырган”, - деп айтылат маалыматта.


Учурда А.М. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизиди. Аялы кош бойлуу болгондуктан үй камагына чыгарылган. 


Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн кылмыш иликтөө тобу бул жубайлардан жабыр тарткандар болсо төмөндөгү 0550-88-08-08 жана 0779-86-15-79 номурлары аркылуу байланышка чыгып коюуну өтүнөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн