Бугу 12, 2024
Убакыт: 14:07
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

"Апрель" телеканалы эфирге чыга баштайт

29.12.2020 15:16
425
"Апрель" телеканалы эфирге чыга баштайт

“Апрель” телеканалы мындай кийин телеэфирге чыга баштайт. Бул тууралуу аталган телеканал маалымдады.


Белгиленгендей, 2020-жылдын 15-декабрында Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Аскер прокуратурасына доо арызды канааттандырган жок.


Мындан улам, “Апрель” телеканалы расмий түрдө эфирге чыгуу укугун алды. Телеканалдын директору Дмитрий Ложников уктурууну калыбына келтирүү маселеси “Апрель-ТВнын” негиздөөчүлөрүнүн чечимине байланыштуу болорун айтты.


Учурда “Апрель-ТВнын” эки негиздөөчүсү дагы – КРнын экс-президенти Алмазбек Атамбаев жана “Апрель” коомдук фондунун директору Фарид Ниязов камакта.


Телеканалдын берүүсү 2019-жылы 7-августта кечинде, Кой-Таш айылындагы башаламандык башталгандан бир сааттай өткөндөн кийин токтотулган. Ошондой эле, “Апрель” телеканалы менен биргеликте 10го жакын телеканал өчүрүлгөн.


Кийинчерээк “Апрель” телеканалы бир нече жолу эфирге чыгууга аракет кылып, бирок ар кандай тоскоолдуктардан улам, анын ичинде Аскер прокуратурасы тарабынан ишке ашпай калган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн