Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 19:39
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

"Араб инвесторлор бар" деп 7 млн сомго алдап кеткен жаран кармалды

17.02.2023 14:10
439
"Араб инвесторлор бар" деп 7 млн сомго алдап кеткен жаран кармалды

Инвестиция тартуу шылтоосу менен өзгөчө ири суммадагы акчага алдап кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.


Ош шаардык соту Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, Ош шаарынын убактылуу жашоочусу, мурда соттолгон, 1980-жылы туулган А.Р. карата 16-февраль күнү бир айга камакта кармоо боюнча чечимин чыгарды. Ал алдамчылыкка шектүү катары 14-февраль күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан кармалган. 

  Тактап айтканда, 1980-жылы туулган А.Р. 2022-жылдын 1-мартынан 2022-жылдын 6-августка чейинки аралыкта Араван районунун тургуну менен Ош шаарынын Ленин көчөсүндө жолугуп: “араб өлкөлөрдө күчтүү, ишенимдүү тааныштарым бар, инвестиция тартып, долбоор менен Араван районуна бала бакча, тигүүчү цех, спорттук комплекс, газоблок чыгаруучу цех ачабыз, 1 300 000 (бир миллион үч жүз миң) АКШ долларлык инвестициянын арабдардан алып келип беремин” деп ишеничине кирип алдап, жалпысынан бөлүп-бөлүп жатып 7 040 000 (жети миллион кырк миң) сом өзгөчө ири өлчөмдөгү акчасын алдап алып, ал акчаны өз кызыкчылыгына иштетип жиберген. 

  "Натыйжада, Араван районунун тургунуна 7 040 000 (жети миллион кырк миң) сомдук өзгөчө ири өлчөмдө материалдык жактан зыян келтирилген.       

 Бул факты боюнча боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнин 209-беренесинин 4-бөлүмүнүн 1-пункту менен кылмыш иши козголгон.    

  Шектүү А.Р. 2023-жылдын 14-февраль күнү саат 21:14дө Кыргыз Республикасынын КЖКнин 209-беренесинин 4-бөлүмүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн кылмышты жасоого шектелип, Ош шаардык ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

   2023-жылдын 16-февраль күнү шектүү А.Р. бөгөт коюу чарасы Ош шаардык соту тарабынан каралып, бир айга камакка алуу түрү тандалган

 

    Учурда, бул шектүү жарандын башка жарандарды дагы ушундай ири суммага алдап кеткендиги тууралуу ыкчам маалыматтар келип, алар текшерилүүдө. Эгерде бул шектүүдөн жабыркагандар болсо 03222-4-82-82 жана 102 телефондору аркылуу байланышып коюуну суранабыз",- деп айтылат маалыматта.


                       

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн