Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 12:25
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

"Арабыздан бу Адам жашоосунун акыркы бекетине бараткан узак сапардагы поезддей узады"

30.10.2021 10:09
1328
"Арабыздан бу Адам жашоосунун акыркы бекетине бараткан узак сапардагы поезддей узады"


Мар Байжиев... 


Арабыздан алыскы алыскы сапарга узады... Аны менен кошо кыргыз маданиятынын бир доору, мезгили, бийиктиги... арабыздан бу Адам жашоосунун акыркы бекетине бараткан узак сапардагы акыркы поезддей узады... Бу ысым менен улут театр өнөрүнун профессионалдык бийиктиги, жаңы дабаны кош канат. Анын драмалары улут адабиятына терендик менен татаал психологияны, турмуш философиясын, коллизиясын жаратты.  Өзгөчө каармандары менен, ой дүйнөсү менен сахнага чыкты. Ал адамдык ыйман менен моралдын, жашоо адеп-ахлагынын  руханий реформасын алып келди... 


Мар агайдын ички дүйнөсү - ички трагедиясы Чындыктын үнүн издеди, атасы Ташым чындык үчүн чагылган огундай кандай жанып өтсө, ал да ошол Чындыкты өзү үчүн, биз үчүн, Адамдар үчүн издеп өттү ... Бу Чындык анын Жашоо формуласына айланды... 


Ал түпкүрүндө терең трагедиялуу адам эле...качандыр бир убакта, мезгилдин бир мезгилинде жоготкон Акыйкаттай, ошол акыйкаттын учу үзүлүбогон жолдо... жарыктын улпулдогон илебин издеди... Мар Байжиев бу өзүнчө дүйнө, бирок ошол дүйнөнүн сыры бойдон бизге жандырмагы жанып, жанбай, өз соболу менен Улуулардын мухит дүйнөсүнө кетти...


Арабыздан доор, асманыбыздан Жылдыз, улуу тоонун бир тоосу кулады...


 Устат... Устаз... 

Узады арабыздан...

Чындык Дүйнөгө... 

Алыста жүрүп уктум... Ушу Сиз жөнүндөгү бир ууч сөз, бир ууч топурактай буюрусун Устаз... 

Коош...


Султан Раев, мамлекеттик ишмер

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн