Болот Темиров менен Болот Назаровду алмаштырып алды деген такыр туура эмес. Мындай пикирин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Болот Темировдун кеңсесинде баңгизат болгон деген маалымат түшкөн.
"Журналист Болот Темиров менен акын Болот Назаровду алмаштырып алышы мүмкүн эмес. Анткени арыз ээси акын Болот Назаров Болот Темировдун кеңсесинен баңгизат алып чыгып ташып турган деп арыз жазган.
Алардын компьютерлери текшерилгенден кайтарылып берилет",- деди Камчыбек Ташиев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн