Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 13:48
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

"Ас-Сафа" фонду Саламаттыкты сактоо министрлигине тез жардам унаасын тапшырды

17.02.2022 16:03
419
"Ас-Сафа" фонду Саламаттыкты сактоо министрлигине тез жардам унаасын тапшырды

2022-жылдын 17-февралында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин, «Ас-Сафа Борбору» коомдук бирикмесинин өкүлдөрүнүн жана Бишкек шаарындагы Ыкчам медицина борборунун директору Искендер Шаяхметовдун катышуусунда тез жардам унаасын тапшыруу аземи болду.  Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Fiat Ducato үлгүсүндөгү тез жардам унаасы керектүү медициналык жабдуулар менен толук жабдылган.

Реанимобиль төмөнкү жабыдыктар менен камсыздалган:

 

 Жасалма дем алдыруучу аппарат

 Кычкылтек баллону 2х10 л;

 Кычкылтекти жөнгө салгыч;

Кычкылтектин сарпталышын өлчөгүч;

 Соргуч түтүк;

 Негизги замбил

 Айкалыштырылган замбил;

 Айланма бүктөлүүчү отургуч;

Бекитилген бүктөлүүчү отургуч;

 Механикалык желдеткич;

Термометр;

 Баштапкы жардам сумкасы;

 Стетоскоп;

Пульсоксиметр ж.б.


Министр өз сөзүндө «Ас-Сафа Борбору» коомдук бирикмесинин жетекчилигине саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүүгө, медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, тез жардам унаасы түрүндөгү бул жардам жүздөгөн адамдардын өмүрүн сактап калууга жардам берерин белгиледи.

«Ас-Сафа Борбору» коомдук бирикмесинин кайрымдуулук ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын бири – саламаттыкты сактоо тармагы. Бул багытта бүгүнкү күнгө чейин бирикме өлкөнүн алыскы жана жакынкы аймактарында бир топ иштерди аткарды:

- Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун балдар онкологиясы жана онкогематология бөлүмдөрүнүн 5 кабаттуу имараты, жалпы аянты 4600 метр чарчы.

4 төрөт үйү;

????35 ФАП (Фельдшердик-акушердик пункттар);

15 ҮДТ (үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу);

Токмок шаарынын психоневрологиялык социалдык ооруканасында майыптар үчүн 50 жана 80 орундуу үч стационардык корпус ж.б.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн