Бугу 16, 2024
Убакыт: 04:35
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

"Асылбек Жээнбеков бошотулбаса, митингдер улантыла берет"

07.06.2021 13:28
2398
"Асылбек Жээнбеков бошотулбаса, митингдер улантыла берет"

Асылбек Жээнбеков бошотулбаса, митингдер улантыла берет. Мындай пикирин Жээнбеков Асылбек Шариповичти коргоо жана колдоо штабынын жетекчиси Турат Оморов Кара-Кулжа районунда өткөн митингдин жүрүшүндө билдирди. 


Штаб жетекчинин айтымында, Асылбек Жээнбеков боштондукка чыкпаса Бишкек жана Ош шаарларында да митингдер уюштурулат.


Митингдерди Кара-Кулжада гана эмес, Ош, Бишкек шаарларында да уюштурабыз. Анткени, Жээнбековдун тарапкерлери Кара-Кулжада гана эмес, башка аймактарда да бар. Депутаттык ишмердигинде бир гана биздин өрөөндүн эмес, жалпы кыргызстандыктардын көйгөйүн чечкен, көрүнүктүү депутат. Үч чакырылыштагы парламенттин депутаты болду. 4 жылдан ашык парламенттин төрагасы болуп иштеди, кыргыз парламентин, кыргыз өлкөсүн эл аралык ареналарда татыктуу таанытты. Өз милдетин так, таза, өлкө кызыкчылыгында аткарды.  Асылбек Шарипович – республикалык масштабдагы, өзүнүн салмактуу орду бар көрүнүктүү саясатчы. Ошондуктан анын таламын биз башка аймактардагы тарапкерлери менен бирдикте коргойбуз”, - деди Турат Оморов.

Пикирлер (4)

Коопсуздук коду
Маматова венера
Бошотсун болбосо москвадан барабыз еми укмкасын кошо туздотуп салабыз
Гулбарчын Эшматова
Эл корсунго иштебеген ,таза инсан! Ал кучтуу,акылдуу,курч,билимдуу саясатчы!
Baiel Muzuraimov
Мындай саясий кугунтуктарга жол бербейбиз. Азыр эчтеке кылбасак, келечекте бийлик озуно каалаганды тазалайт.
Гульмира
Олкодо адам укуктары тебеленип жаткандыгы окундурот, тилекке каршы! Элине ак эмгеги менен белгилуу,чыныгы патриот инсан Жээнбеков Асылбек айкын мисал бугунку кундо....