Кулжа 17, 2025
Убакыт: 12:41
USD
87.30
87.80
EUR
100.50
101.50
RUB
1.100
1.140

"Ата Бейиттеги" түндүк чыры: Түндүк калыбына келтирилди

23.07.2021 17:06
892
"Ата Бейиттеги" түндүк чыры: Түндүк калыбына келтирилди

Элдик жазуучу Чынгыз Айтматовдун көрүстөнүндөгү түндүк калыбына келтирилди, деп билдирди коомдук ишмер Ассоль Молдокматова.


Анын айтымында, ал Чынгыз Айтматовдун уулу – Аскар Айтматов менен бирге жазуучу жерге берилген Ата-Бейит мемориалдык комплексине барып, гүлчамбар коюшуп, улуу жазуучуга жана 1916-жылдагы Үркүндө курман болгондорго багыштап куран окушкан.


«Түндүк бир нече сааттын ичинде калыбына келтирилген. Азыркы учурда ал боёлуп жатат. Түндүккө байланыштуу абал тез арада чечилгени жакшы»,-деп белгилеген Молдокматова.


Мындан мурда социалдык тармактарда жазуучунун сөөгү коюлган корүстөндүн түндүгү алынып, жерге ташталган деген маалымат чоң резонанс жараткан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн