Чын курандын 09, 2025
Убакыт: 12:22
USD
87.30
87.80
EUR
95.80
96.80
RUB
1.000
1.040

"Ата Мекендин" депутаты президенттин Аппаратынын кызматына дайындалды

08.02.2021 20:05
3072
"Ата Мекендин" депутаты президенттин Аппаратынын кызматына дайындалды


Парламенттин "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Искендер Гайпкулов президенттик Аппаратка кызматка дайындалды. Бул тууралуу президенттик Аппараттын маалымат саясат бөлүмү билдирди.


Мамлекет башчысынын жарлыгы менен ал стратегиялык өнүгүү саясаты, экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.


Буга чейин бул кызматты Данияр Иманалиев ээлеп келген. Ал башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан бошотулган.


Белгилей кетсек, Искендер Гайпкулов дагы Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышынын депутаты болгон. 2010-жылдын апрелине чейин Эсеп палатасын жетектеген. Ал 54 жашта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн