Бугу 19, 2024
Убакыт: 08:37
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

"Ата Мекен": Соттун чечими Кумтөрдү улутташтырууга болгон алгачкы кадам

10.05.2021 15:20
1056
"Ата Мекен": Соттун чечими Кумтөрдү улутташтырууга болгон алгачкы кадам
“Ата Мекен” партиясы 10-майда Кумтөр алтын кенине байланыштуу соттун соңку чечими тууралуу билдирүү таратты. Анда партия соттун чечимин негиздүү деп эсептеген.

"Бул - Кумтөрдү улутташтырууга болгон алгачкы кадам. Анткени, акыркы он жылда бул багытта “Ата Мекен” партиясы иш-аракеттерди жүргүзүп келген" деп айтылат билдирүүдө.

Бишкектин Октябрь райондук соту 7-майда Кумтөр алтын кениндеги Давыдов, Лысый мөңгүлөрүндөгү калдык топтоочу жайды мыйзамсыз деп тапкан.

Кенди иштеткен “Кумтөр голд” компаниясын 261 миллиард 719 миллион 674 миң сомду мамлекетке төлөп берүүгө милдеттендирген. Мындан тышкары сот чечимине ылайык, канадалык компания Кыргызстанга 1 миллиард 300 миллион сом мамлекеттик алым төлөшү керек.

Буга чейин жергиликтүү тургундар кенди иштетүүдө Давыдов, Лысый мөңгүлөрүнө калдыктардын топтогонун мыйзамсыз деп таап, мамлекеттин пайдасына кенемте өндүрүү талабы менен “Кумтөр голд компани” ишканасын сотко беришкен.

Ишти караган судья Альбина Жээнбекова активисттердин арызын канааттандырды.

Булак: "Азаттык" үналгысы

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн