Бугу 15, 2024
Убакыт: 00:44
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

"Ата Мекен" фракциясы дагы жаңы лидер шайлады

22.06.2021 20:22
839
"Ата Мекен" фракциясы дагы жаңы лидер шайлады


Бүгүн, 22-июнда "Ата Мекен" парламенттик фракциясынын кезексиз жыйынында депутаттар фракциянын жаңы лидерин жана анын орун басарын шайлашты.


Фракция Шерала Абдылдаевди лидер кылып тандап, Наталья Никитенко лидердин орун басары болду.




Эскерте кетсек, буга чейин фракция Сайдулла Нышановго жана анын орун басары Шайлообек Атазовго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган.


Маалымат үчүн: Фракция 11 депутаттан турат. 5-январда партиянын лидери Өмүрбек Текебаев фракциянын башчылыгына Айсулуу Мамашова шайлангандыгын жарыялаган. Бирок, Нышановдун айтымында, ЖКнын регламенти боюнча, шайлоочулар менен жолугушуу мезгилинде фракция лидерлери алмашышы мүмкүн эмес. Шайлоочулар менен жолугушуулар 30-декабрдан 8-январга чейин өткөрүлгөндүктөн, Мамашованы фракциянын лидери кылып дайындоо чечими туура эмес кабыл алынган.


Ал эми 30-мартта Нышанов фракциянын лидери болуп шайланган болчу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн