Бугу 14, 2024
Убакыт: 11:18
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

"Ата Мекен" фракциясынын жаңы лидери мыйзамсыз шайландыбы?

22.06.2021 21:10
1003
"Ата Мекен" фракциясынын жаңы лидери мыйзамсыз шайландыбы?


Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан депутат Шайлообек Атазов бүгүн, 22-июнда фракциянын кезексиз жыйынын мыйзамсыз болду деп эсептейт.

Анын айтымында, фракция лидерине ишенбөөчүлүк көрсөтүүдө каршы депутаттардын добушу жеткен эмес.

"Фракция лидерин алууга 8 депутат добуш бериши керек болчу. Булар 6 депутат, анан бирөө ишеним кат менен келди. Жалпы жетөө эле болду. Регламентке ылайык, дагы бирөө болушу керек эле. Андай болгон жок. Демек, алардын аракети мыйзамсыз", - дейт Атазов.

Белгилей кетсек, бүгүн "Ата Мекен" фракциясынын мүчөлөрү жыйын өткөрүп, фракция лидери Сайдулла Нышановго ишенбөөчүлүк көрсөтүшкөн. Натыйжада, Нышановдун ордуна Шералы Абдылдаев төрага болгон. Ал эми фракция лидеринин орун басары Шайлообек Атазовдун ордуна Наталья Никитенкону дайындашкан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн