Бугу 09, 2024
Убакыт: 11:33
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

"Ата Мекен" партиясы Баткенде болгон окуя боюнча билдирүү таратты

02.05.2021 19:56
809
"Ата Мекен" партиясы Баткенде болгон окуя боюнча билдирүү таратты


«Ата Мекен» партиясынын Баткен окуясы боюнча билдирүүсү


2021-жылдын 28-апрелинде Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын ортосунда аскердик кагылыш болду. Бул жаңжалдын кесепетинен 4 күндүн ичинде биз 34 мекендешибизди – 12 жашар кызды, аскер кызматкерлерибизди, жөнөкөй жарандарыбызды жоготтук. 170тен ашуун жарандарыбыз жаракат алышты, ондогон үйлөр, мектептер, чек ара бекеттери, май куюучу жайлар, дүкөндөр жана башк объектилер өрттөлдү. Тажиктер тарабынан үйлөр тонолуп, мал уурдалган, унаалар талкаланып, өрттөлгөн. Биздин эң жөнөкөй жана ашыкча байлыгы жок мекендештерибиздин көптөгөн жылдардан берки жеңил эмес түйшүгүнүн жыйынтыгы жок болду. Ансыз да экономикалык кризистин жана пандемиянын чоң сыноосунан өтүп жаткан жашоо тескери амбициялардын жана эки өлкөнүн лидерлеринин орток пикирге келе албагандыгынын натыйжасында тебеленип, тепселди. 


«Ата Мекен» социалисттик партиясы каза болгон жарандарыбыздын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөт. Биз бардык жаракат алгандардын туугандары менен биргеликте алардын тезинен сакайып кетүүсүн тилеп турабыз. Кайраттуу болуңуздар! 


«Ата Мекен» социалисттик партиясы Мекенин коргоп, өз милдетин аткарган Чек ара кызматынын, ИИМдин өздүк курамынын бардык аскерлерине, милиция кызматкерлерине, жоокерлерге чын дилден ыраазычылык билдирет! Биз силер менен сыймыктанабыз!


Ушул кайгылуу күндөрү өлкөбүздүн бардык жарандарын сабырдуулук, акылгөйлүк жана өз ара колдоо көрсөтүүгө чакырабыз. 


Биздин элибиз байыртан оор сыноолорго бекем тура алган баатырдык тарыхка ээ. Бирок, ошону менен бирге акылмандарынын жана дипломаттарынын тарыхы бар, өзүнүн тынчтыкты жана достукту сүйүүсү менен белгилүү!


Бөтөн элдин жерлерин басып алуунун жана согуштун доору эчак өткөнүнө ишенебиз. Куралдын күчү менен тынчтыкты орнотууга болбойт. Күч күчтү гана ойготот. Кан артынан кан, өлүм үчүн өлүм келет. Биз үчүн кылымдар бою созулушу мүмкүн болгон зомбулуктун түбөлүктүү айлампасына тушугуу тобокелдиги бар. Адамзаттын тарыхында мунун мисалдары түмөн.


Араб-израиль каршылыгы, азербайжан-армян каршылаштыгы. Даанышмандык жана кайраттуулук гана ушул айлампаны ыдырата алат.


Биз тынчтык сүйлөшүүлөрдүн үстүндө ортобуздагы бардык талаштуу маселелерди чечүүгө тийишпиз. Коңшуларыбыз менен кылымдар бою жашап келгендей, кылымдап жашай беребиз. 


Албетте, тынчтык кандай баа менен болсо да өлчөнбөйт. Бардык тараптар жаңжалга чейинки позицияларына кайтууга тийиш. Кайсы бири бүлүнгөн мүлк үчүн зыяндын ордун толтуруп бериши зарыл. Ал эми адам өмүрү үчүн күнөөлүү болгондор жазасын алууга тийиш. 

«Ата Мекен» социалисттик партиясы тынчтыктын жана сүйлөшүүлөрдүн башкы принциби – «Башканыкына тийбейбиз, бирок өзүбүздүкүн бербейбиз!» деген принцип болушу керек деп эсептейт.


«Ата Мекен» партиясы аскердик аракеттер жана сүйлөшүүлөр аяктаганда бул кагылышка эмне себеп болгонуна, аны козутууга кайсы жагдайлар күнөөлүү экендигине, куралдуу күчтөрдүн аскердик жөндөмүн жана даярдыгын ким камсыз кыла алган жок жана ким биздин жарандарыбыздын өмүрүн жана мүлкүн сактоону камсыздай албаганына жалпы коомдун ишенимине татыган жоопкерчиликтүү териштирүү жүргүзүү керек деп эсептейт.


Кагылыштын натыйжасында жабыр тарткан калктын мүлкүн мамлекеттин эсебинен калыбына келтирип берүүнү, анын эсебинен каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө компенсацияларды төлөп берүүнү, жаракат алгандардын баарын жада калса бул үчүн чет мамлекетке баруу зарыл болсо да мамлекеттин эсебинен дарылатууну талап кылабыз.


«Ата Мекен» партиясы согушуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, зарыл болгон курал-жарак жана жабдыктарды сатып алуу максатында Куралдуу күчтөргө реалдуу реформа жүргүзүүнү талап кылат. Биз мамлекетибиздин чек араларында келечекте кандай гана агрессия болбосун туруштук бере ала турган жетиштүү каражаттар жана күч болушу зарылдыгын баса белгилейт! 


«Ата Мекен» социалисттик партиясы улуттук коопсуздук органдарында реалдуу реформаларды жасоону талап кылабыз!

Бизде заманбап жана тутумдуу улуттук коопсуздук кызматы болушу керек, анын ичинде саясий оппоненттерди, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүн аңдып, бизнеске кысым көрсөткөн эмес, өлкө жетекчилигин жана Куралдуу күчтөрдү кандай гана коркунуч болбосун эскертүүгө жөндөмдүү чалгын жана контрразведка болушу кажет.

«Ата Мекен» партиясы жооптуу ишкерликти жана жарандарды кагылыш болгон райондогу мекендештерибизге жардам колун сунууга чакырат. Биз баарыбыз баткендикбиз!


2021-жылдын 28-апрелинде биздин өлкө тыкыр пландаштырылган жана даярдалган агрессиянын объектисинде калды. Ага Тажикстан Республикасынын куралдуу күчтөрү жана ушул мамлекеттин куралдуу бандиттеринин тобу катышты. Авторитардык режимдер көпчүлүк учурда курмандыктар, кесепеттери жана өзүнүн, бөтөн элдин келечегин ойлобогон, өзүнүн популярдуулугун арттыруу үчүн “майда жеңиштүү согуштарды” пайдаланат. 


«Ата Мекен» партиясы эл аралык коомчулукка жана эл аралык институттарга кайрылып, Тажикстанды агрессор-өлкө катары таанууну жана эл аралык укуктарга ылайык бул согуштун уюштуруучуларын жазалоону, биздин Мекенибизге келтирилген зыяндардын ордун толук түрдө толтуруу талабын коюуну талап кылат. Биз жарандарыбыздын баа жеткис өмүрүн кайтара албайбыз, бирок адилеттүүлүктү орнотууну талап кылабыз!


«Ата Мекен» саясий социалисттик партиясы

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн