"Ата Мекен" партиясынын катары дагы 3 партия менен толукталды. Бул тууралуу "Ата Мекен" партиясынын өкүлдөрү билдиришти.
Бүгүн партиянын борбордук штабында биригүү тууралуу Меморандумга кол коюу салтанаты өттү.
Ошентип, “Ата Мекен”, “Реформа”, “Туран”, “Эгемен Кыргызстан”, “Ак калпак” партиялары, “Каныкей коомдук кыймылы” ж.б. өз позициясы бар активдүү граждандар “ЭГЕМЕН” коалициясына биригип, “Ата Мекен” партиясынын желеги алдында шайлоого аттанышты.
Пикирлер (1)