Бугу 15, 2024
Убакыт: 05:48
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

"Ата Мекен" партиясынын колдоочулары бийликтен Текебаевге болгон кол салууну дыкат текшерүүнү талап кылды

01.12.2021 21:34
794
"Ата Мекен" партиясынын колдоочулары бийликтен Текебаевге болгон кол салууну дыкат текшерүүнү талап кылды


Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Наталья Никитенко партиянын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу дыкат иликтениши керектигин айтты. Бул тууралуу ал журналисттерге УКМКнын имаратынын алдында партиянын мүчөлөрү окуя боюнча бийликтен чара көрүүнү талап кылып келгенин билдирди.


«Биз оппозиция лидерине карата мындай репрессияларга жана мындай кысымдарга макул эмеспиз деп позициябызды билдирүү үчүн келдик. Бул болуп көрбөгөндөй окуя. Акаев менен Бакиевдин тушунда да Өмүрбек Черкешовичке мындай кол салуулар болгон эмес», - деди ал.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн