Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 07:41
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

"Ата Мекен" съезд өткөрүп, алгачкы бештикти бекитти

09.10.2021 13:50
1181
"Ата Мекен" съезд өткөрүп, алгачкы бештикти бекитти

Шайлоого катышып жаткан партиялардан биринчи болуп бүгүн “Ата Мекен” партиясы съездин өткөрдү. 


Партиянын съезди М.Горький паркында өтүп жатат. 


Партия лидери Өмүрбек Текебаев “Ата Мекен” эмне үчүн М.Горький аянтында съезд өткөрүү чечимин кабыл алганын, анын символикалык маани-маңызын түшүндүрдү.

Бийликтин саясатына каяша айткан оппозициялык күчтөр Горький аянтында жыйналып келишкенин белгилеп, “бүгүнкү Конституцияда оппозицияга эч кандай статус берилбегенине карабай, коомдо, тарыхта биздин ордубуз бар, ошон үчүн биз Горький аянтына жыйналып, өзүбүздүн тарыхый ордубузду ээледик”, -деп айтты Текебаев.


Съездде “Ата Мекен” оппозциялык, альтернативалык саясий күч экенин жарыялады.


“Биз элдик бийликтин, элдик көзөмөлдүн колдоочуларыбыз. Биздин көз карашыбыз, позициябыз бүгүнкү бийликтикинен башкача. Ошон үчүн биз өзүбүздү бүгүнкү бийликке альтернатива деп жарыяладык!”, - деп белгиледи Ө.Текебаев.


"Ата Мекен" съездинин күн тартибинин 3-маселеси партиянын тизмесин жарыялоо болчу.


Бирок, "тизмеге кошулабыз, шайлоого "Ата Мекен" менен чогуу барабыз" деген адамдар көбөйүп кеткендиктен, тизмени бекитүү, жарыялоо маселеси дүйшөмбү, 11-октябрь саат 15:00дө каралмай болду.


Бүгүн, алгачкы бештик жарыяланды: 

Алар:

Өмүрбек Текебаев

Клара Сооронкулова

Тилек Токтогазиев

Али Токтакунов

Наталья Никитенко.


“Ата Мекен”, “Реформа”, “Туран”, “Эгемен Кыргызстан”, “Ак калпак” партиялары, “Каныкей коомдук кыймылы” жана башка өз позициясы бар активдүү граждандардан түзүлгөн “ЭГЕМЕН” коалициясы “Ата Мекен” партиясынын желеги алдында шайлоого баратат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн