Бугу 06, 2024
Убакыт: 06:51
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

"Ата-Журт Кыргызстандын" лидери Бакыт Төрөбаев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды

27.03.2022 19:36
2290
"Ата-Журт Кыргызстандын" лидери Бакыт Төрөбаев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Алиев кызматтан кетип, анын ордуна Жогорку Кеңештеги «Ата Журт-Кыргызстан» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев дайындалганы кабарланды. Бул тууралуу "Азаттык" радиосу ишенимдүү булактарына таянып билдирди. 


Азырынча өкмөттөгү кадрдык өзгөрүү боюнча президенттин расмий жарлыгы жарыялана элек. Бакыт Төрөбаев да бул маалымат тууралуу комментарий берген жок.


Маалыматтарга ылайык, кызматтан бошотулган Азиз Алиев жаңыдан түзүлүп жаткан Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун башкармалык төрагалыгы кызматына барат.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Айза
Президенттибизди колодойбуз! Бакыт Торобаев Окмотко келгенге эн жакшы болду!