Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 22:48
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

"Ата-Журт Кыргызстанды" Бакыт Төрөбаев, "Ишенимди" Улугбек Ормонов, "Альянсты" Алтынбек Сулайманов жетектейт

29.12.2021 14:41
859
"Ата-Журт Кыргызстанды" Бакыт Төрөбаев, "Ишенимди" Улугбек Ормонов, "Альянсты" Алтынбек Сулайманов жетектейт

Бүгүн, 29-декабрда 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо жеңишке жетишкен партиялардын курамы жана бир мандаттуу округдан шайланган депутаттар ант берди.


Алгачкы сессия ачылгандан соң "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы түзүлгөнүн жарыялаган Бакыт Төрөбаев  партиянын курамынан сырткары 18 бир мандаттуу шайлоо округунун депутаттары "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясына кошулганын билдирди. Мындан сырткары Бакыт Төрөбаев аталган фракциянын башчысы болуп тандалган.


"Ишеним" саясий партиясы өзүнүн курамы менен "Ишеним" фракциясы түзүлгөнүн жарыялап, фракцияны Улугбек Ормонов жетектей турганы белгилүү болду.


"Ынтымак" партиясы да өзүнүн курамы менен калганын фракция лидери Марлен Маматалиев билдирди. Ошондой эле ал башка депутаттар менен иштешүүгө даяр экенин кошумчалады.


"Альянс" саясий партиясы өзүнүн курамы менен "Альянс" эркин фракциясын түзүп, фракция лидери Алтынбек Сулайманов экени белгилүү болду.


Мындан сырткары, "Бүтүн Кыргызстан" жана "Ыйман Нуру" партиялары фракциялары тууралуу маалымат бериле элек депутаттар танаписке тарады.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн